"Элдик репортер" рубрикасына Кадамжай районунун Марказ айыл округунун тургундары төмөндөгү маселе менен кайрылышкан.
Жол куруучулар жол эрежесин бузуп иштеп жатышат. Көк-Талаа Кызыл-Кыя жолунда жолго суу чачпастан иш алып баруушуда. Анын негизинде элдер сарык(гепатит) өпкө, аллергиялык, кургак учук менен ооругандар эл арасында көбөйүп бизди тынчсыздандырып жатат. Ошондой эле кулпунай ,малина, картошканы чаң басып терип жыйноодо чоң көйгөйдү жаратып жатат. Дыйкандар талаада иштегенге болбой калды жолдун чаңы туман болуп басып турат.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.