Айыл тургундарын кооптондурган дагы бир маселе, бул көп жылдан бери турган электр түркүктөрү.
Көп жылдан бери турган түркүктөр катуу шамалга туруштук бере албай калабы деп коркуп жүрөбүз деген маалымат жөнөткөн тургун, алыскы Кара-Кулжа районунун Тегерек-Саз айылынан болот.
Бизде 40 жыл мурун коюлган электр түркүктөрү четинен чирий баштады. Катуу шамал болгондо кулап калабы деп коркуп жүрөбүз. Тиешелүү адистер келип, көзөмөлгө алышса жакшы болот эле...


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.