9-июнь күнү Баткен облусундагы Лейлек районунун Ак-Терек, Кара-Суу айылдарына өтө чоң көлөмдөгү сел келген. Бул тууралуу "Элдик репортер" рубрикасына айыл тургундары байма-бай маалымат жөнөтүп жатышты.
Айыл тургундары бул жолу дагы селдин айынан бир топ зыян тартышты. Эске салсак, май айында дагы Лейлекте катуу сел жүрүп, сел тосмолору жараксыз абалга келип, короолору, үйлөрүнө чейин каптап, эгин талааларын катуу жабыркаткан.
Ак-Терек айылына 2 сайдан чогулуп келген катуу сел мектептин жанындагы жарды жеп, мектептин өзүн алып кетерге аз эле калды. Дагы окуучулардын эс алуусу болуп кудай бир сактады. Биз мындай кооптуулукту облустун ыйгарым өкүлүнө, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен келгенде да айттык эле.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.