Элдик репортер: Эскирип, урап жаткан эликтин айкелине көңүл бурулабы?
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Ноокат районунун тургуну кулайын деп калган эликтин айкелинин сүрөтүн жиберген. Айкелдин мүйүзү сынып, урап баштаган. Бул эликтин айкели көрүнүктүү жерде тургандыктан нары-бери өткөн чел элдик саякатчылар алдында сүрөткө түшүп, жанында сатылган курут, кымыздарды алып кетип турушат. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.