Элдик репортер: "Тротуар базардын карамагына өтүп кеткен, жолдон айланып өткүлө!"
Новость

Борбор калаанын негизги көчөлөрүнүн жол жээгинен бизнес ачып, аны менен бирге тротуарды дагы кошо ээлеп алгандар четтен саналат. Биздин рубрикага да ушул маселе тууралуу кайрылгандар көп. Айрыкча, унаа жуучу жайлар турган жерден өтүүгө мүмкүн эмес экендигин көп кабарлайт.

Бул жолу дагы, жөө адамдар өтүүчү жерди ээлеп алгандар тууралуу төмөндөгүдөй кайрылуу келген:

Баткен базары жайгашкан жердеги, Лев Толстой көчөсү аркылуу өтүүгө ар дайым тоскоолдук жаралат. Бул жолу дагы ушундай абалда турганына күбө болдум. Магазинге го товар түшүрүлүп жатыптыр, а троутардын ичине токтотулган унаага ким чара көрөт? 

Жөө адамдар өтүүчү жерлерди тороп алыпсыңар, кантип өтөбүз деген суроомо, ошол жерде иштеген жигиттер, бул жерден өтпөгүлө, биз атайын брусчатка төшөп, оңдоп тротуарды базардын менчигине өткөрүп алганбыз. Жолду айланып өткүлө деген жообун айтышты.  Качантан бери жөө адамдар басчу жер жеке тарапка өтө баштаган? Биз бул суроого кайдан жооп ала алабыз, - дейт окурман бизге жөнөткөн кайрылуусунда


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.