"Элдик репортер" рубрикасына элдин көкөйүнө көк таштай тийген жол маселеси боюнча видео материал келген. Видеодогу жол Талас облусуна караштуу Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынан Манас районуна кетчүү жол. Жол авто унаалар эмес жөө адамга өтүүгө оор болгон акыбалга жетип калган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.