Элдик репортер: Жыргалаңдын токоюндагы карагайлар ким тарабынан кыйылууда?
Новость

Жыргалаң айылындагы токойдо карагайлар биринин артынан бири кыйылып жатат. Биз буга кайдыгер карай албай сиздерге кайрылууну туура көрдүк,- дейт бизге маалымат жөнөткөн айыл тургуну. 

Окурман жөнөткөн видеодон кыйылган карагайларды көрүүгө болот. Бул нерсе мыйзамдуу жүрүп жатабы жана эмне себептен кыйылууда?  Мүмкүн тиешелүү мекемеден үн каткан бирөө болоор. Жооп күтөбүз.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.