"Элдик репортер" рубрикасына Ош облусунун тургунунан таштанды маселеси боюнча видео материал келген. Окурмандын билдирүүсү боюнча чогултулган таштандыны чыгарбай эле өрттөп жиберишүүдө. Бул таштанды чогултуучу урналар Ош облусунун Туран кичи районунун Латибжанова көчөсүндө жайгашкан. Жанында мончо, көп кабаттуу бир катар үйлөрдүн баарын кара түтүн каптоодо. Таштанды болгондуктан ичинде эмне гана болбойт?!
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.