Элдик репортер: Чолпон-Ата шаарынын тургундары "РСК Банкынын" ишине нааразы болууда
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Чолпон-Ата шаарынын тургундары төмөндөгү маселе менен кайрылышкан.

Чолпон-Ата шаарындагы "РСК Банкында" түбөлүк кезек күтүү, бир райондун баардык мамлекеттик төлөмдөрүнүн милдетин алган бул банкта 4 оператордун ордунда 2 гана оператор иштейт, элдер жумуштарына кечигип, 2 сааттан кезекте турушат, же мамлекеттик чоң банктар дагы 2 операторго айлык төлөй албайбы деген суроо туулат. Чолпон-Атада жылдын 4 мезгилинде тең ушундай көрүнүш, мындай элге кедергисин тийгизген маселеге ким чара көрүш керек! 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.