Элдик репортер: Бир жыл мурун казылган жол качан оңдолот?
Новость

Рубрикабызга келген маалыматтардын көбү өлкө аймагындагы жолдордун абалына байланыштуу. 

Жол азабын тарткан жергиликтүү тургундардан келген кайрылуулардын саны түгөнчүдөй эмес.  

Каракол шаарынын Дербишев көчөсү 1 жылдан бери казылган бойдон турат деп маалымат жөнөткөн тургун төмөндөгүлөрдү билдирет:

Бир жыл мурун жолду ондойбуз деп, эски асфальтты казып кетишкен. Ошол бойдон кабар алган адам жок. Көчөбүз казылган бойдон калды. Жаан-чачында бизге аябай эле кыйынчылык жаралууда.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.