Атайын "халал" деп ишенимдүү алган сосискалардын ичи курттап кетиптир -, деп рубрикабызга дагы бир маалымат келди.
Биздин рубрикага буга чейин дагы курттап кеткен сосискаларды видеого тартып алып, маалымат жөнөтүшкөн эле. Ал сосискалар Аброй фирмасына караштуу болчу.
Бул жолку сосискалар борбор калаадагы "Народный" супер маркеттеринин биринен сатылып алынган.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.