Элдик репортер: Базардын жанын мыйзамсыз унаа токтотуучу жайга айландырып алышты...
Новость

Мындай мыйзамсыз унаа токтоочу жайдын айынан сатуучуларга жана сатып алуучуларга аябай тоскоолдук жаралып жатат.  Бул жерге унааларын төрт катар кылып коюп алышкандыктан, соода борборго кирүүгө жана чыгууга мүмкүн болбой калат. Мыйзамсыз жай менен күрөшүп келгенибизге жарым жылдын жүзү болду. Бирок мэрия тараптан аракеттер көрүлө элек.

Мындай кайрылуу менен Аламедин базарында соода кылган айым жалпы сатуучулардын атынан кайрылган. Ал эми өз алдынча унааларын токтотуп, унаа токтоочу жайга айланган жер Муса Жалил - Буденный көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.