Элдик репортер: Өлкөбүздө чек ара маселеси качан чечилет?
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Баткен облусунун алыскы тоолуу аймактарында жашаган тургундар азыркы учурда ушул аймакта эң орчундуу маселе болгон чек ара маселеси боюнча видео материалдарды жиберишүүдө. 

Биз Сох аклав районунун Кыштут айылында жашайбыз, Баткен шаарынан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бизде базар-мазар жакын жакта жок. Ошол үчүн Баткенге барууга туура келет. Жолдо биз Өзбекстандын бир эмес эки чек арасынан өтүүгө мажбурбуз. Чек арачылар да жөн өткөрүшпөйт, сааттап кезекте турабыз. - деп билдирет биринчи видеодогу окурман.

Бул бүгүн же кечэ пайда боло калган маселе эмес экени баарыбызга маалым, бирок эмнеге ушул убакка чейин маселе чечилбей келүүдө?

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.