Элдик репортер: Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлерин текшерчүү адам барбы?
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну башаламан соода-садык маселеси боюнча сүрөт материалдарды жиберген. Окурман жиберген сүрөттөн ушул башаламандыкта Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерин көрүүгө болот. Ушундан улам суроо жаралат, салык кызматкерлерин бирөө-жарым көзөмөлдөйбү? 

Бул кайрылуу биринчи эместигин белгилеп кетүү абзел. Базарларды гана эмес тамактануучу жайларды, баардык эле салык төлөөчү жайларды  дайыма текшерүүгө келип турушаары жөнүндө байма-бай маалыматтар келип турат. Бирок алар кеткенден кийин деле талапка жооп бербеген жайлар оңолбогон боюнча эле калып аткандыгын ар бирибиз көрүп келебиз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.