Токтогул районунун Чолпон-Ата айылындагы Узун-Акмат суусунун көпүрөсү сапатсыз салынгандыктан, 2 жыл мурда суу алып кеткен. Көпүрөнүн мындай абалда турганына жергиликтүү бийлик же айыл өкмөтүнөн эч кандай чара көрүлбөй келет.
Малды жайытка чыгаруу жергиликтүү тургундарга кыйынчылык жаралууда. Жазында суу аз кезде дагы малды кечирип өтүп кетчү элек. Азыр суу көбөйгөндөн бери өтүүгө мүмкүн болбой калды, деп маалымат жөнөткөн айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.