Элдик репортер: Тазаланбаган арыктардын айынан, борбор калаанын тротуарларын суу каптоодо
Новость

Борбор калаанын көпчүлүк жерлеринде арыктардын ичи толук тазаланбагандыктан суу ашып, тротуарларды каптап жатат. Биздин рубрикага мындай маселени айтып кайрылгандар көп. 

Бул жолу дагы маалымат жөнөткөн окурман, Ахунбаев көчөсү Чыңгыз Айтматов проспектиси менен кесилишкен жеринде арыктан ашкан суу аллеяны каптап, нары-бери өткөн шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратып жатканын билдирген. 

Шаардын эл көп каттаган жериндеги мындай көрүнүштү тиешелүү мекемелер көзөмөлгө алып коюшса болмок, -дейт шаар тургуну.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.