Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү араң турган көпүрөдөн малды өткөрө албай кыйналып жатабыз дейт айыл тургуну. Кечээ эле кой айдап өтүп бара жатып, 2 козубузду агызып ийдик.
Көпүрөнүн абалы ит ыйлагыдай. Малды өткөзөрдүн алдында жыртык-тешигин таш менен бекиткенге аракет кылдык.
Бул суудан аккан нерсени чыгаруу мүмкүн эмес. Биз салык төлөп жаткандан кийин, шартты тузүп берүү жагы да каралышы керек го...
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.