Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылындагы токойго курт жайылып кетти. Биздин айылдагы мөмөлүү токоюбузду курт жеп, жаңгактын мөмөсү жакшы болбой жатат.
Тез арада адистер чара көрүп, куртка каршы дарыларды колдонбосок, кийинки жылы мындан дагы көбөйүшү мүмкүн. Бул курттар бир эле жаңгактын мөмөсү эмес, башка алма-алчалардын жалбырактарына дагы тап коюуда..
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.