Элдик репортер: Оңдоо иштери бүтпөгөн Балыкчы-Корумду жолу
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Ысык-Көл облусунун тургуну жол маселеси боюнча видео материал жиберген. Видеодо көрсөтүлгөндөй жол абдан начар акыбалда экен. 

Негизги асфальт жол баардыгы болуп 436 км, ал эми 104 км Балыкчы-Корумду жолу 4-5 жылдан бери оңдолуп бүтпөй келе жатат. Эң көп туристтер келген облус Ысык-Көл. Быйыл дагы туристтик сезон башталды, ал эми жол ушундай абалда. - деп билдирген окурман.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.