Элдик репортер: Селден кийин абалыбызды сураган адам жок
Новость

Лейлек районунун Лейлек айыл өкмөтүндөгү Кара-Суу айылында 9-июндагы нөшөрлөгөн жамгырдан кийин катуу сел келип, айыл тургундарынын короосуна тигилген жер-жемиштерин алып кеткен. 

Мындан тышкары айдоо аянттарындагы эгиндери дагы суу алдында калган. Бул тууралуу тишелүү мекемелерден селдин кесепеттерин жоюуга карата көрүлгөн иш-аракеттери айтылууда. 

Бирок бул айылга сел келген күндөн бери убада кылып, жөнөтөбүз деген техникасы жете элек экен. Сел кеткен жерлерди оңдоп-түзөгөнгө техника жөнөтүп, жолубузду ачып берип коюшса жакшы болот эле, дейт бизге кайрылган айыл тургуну.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.