Рубрикабызга бул жолу келген кайрылуу алыскы кыргыз-казак чек арасында жайгашкан Каркыра айылынын тургундарынан келип түштү.
Союз убагынан калган мончону эптеп мектеп катары колдонуп, балдарыбызды окутуп жатабыз. Кыш мезгилинде мектептин ичи муздак болгондуктан, көк муштум болуп үйгө тоңуп келишет. Бул жердин жарымын ФАП, жарымын мектеп катары колдонуп, балдарыбыз 4-класска чейин билим алышат. Андан кийин ар кайсы туугандардыкына жөнөтүп, калган окуусун ошол жактан улантышат.
Биздин айылда мындан сырткары таза суу, жол маселеси дагы кендирди кесип келет. Кышы узун болсо, жайы салкын. Айтор айылыбыз алыста болуп, көңүл сыртында калып калгандайбыз. Жок дегенде 9 жылдык мектеп болсо, балдарыбыз ата-энеден алыс болбой, көңүлүбүз тынч болот эле.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.