Ансыз дагы абасы бузулуп, туманга чулганган борбор калааны жеке ишканалар ар нерсени жагып булгап жатышат. Мындай кайрылууну Бишкек шаарынын тургуну жөнөткөн.
Бишкек шаарынын Просоюзный көчөсүндө жайгашкан Сманов арак заводунан чыккан кара түтүн видеого тартылып жөнөтүлгөн. Ал эми арак заводдун үстүнөн арызданган башка окурмандарыбыз дагы бар. Алардын бири заводдун таштандысы көчолөргө төгүлүп жатканын билдирген.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.