"Элдик репортер" рубрикасына келген бул жолку кайрылууда сапатсыз курулушка карата болгон нааразычылык билдирилген.
Чүй облусунун Панфилов районунун Киров айылындагы маданият үйүнүн чатыры 12-июнда болгон катуу шамалган туруштук бере алган эмес.
Бул чатыр үчүн мамлекеттен 3 миллион сомдой акча бөлүндү эле. Сапатсыз курулугандыктын айынан бир катуу шамалга туруштук бере алган жок. Мындай шалаакылыкка ким жооп берет?-дейт айыл тургуну.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.