"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну төмөндөгү маселе менен кайрылган.
Месароша көчөсүндөгү жол Профсоюз көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин жасалбай турат. Бир жыл мурун жол куруу иштери башталган. "Бишкек асфальт сервис" акыркы жолу марттын аяктарында келип бул жолду жаап кетишкен, ошол бойдон турат. Жол оңдоо кызматкерлери жок, тургундар өздөрүбүз түздөп кирип чыгып жашап жатабыз. Жамгыр жааганда балчыкка батып, басканга жер жок.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.