Элдик репортер: Жол азабын жергиликтүү тургундар гана эмес, туристтер да тартууда
Новость

Жол азабын тарткандардын арасында Нарын облусунун тургундары да бар. Бир канча районунда ушул маселе башкы көйгөй катары саналып келет. Союз урагандан бери каралбаган жолдордон унааларыбыз жанчылып бүтмөй болду деп тургундардын атынан келген кайрылуулар көп. 

Бул жолу Казарман айылына бара турган  Ак-Мойнок ашуусунун жолунда калган туристтерге күбө болгондор бизге маалымат жөнөтүшкөн. 

Адамдын тизесине чейин  ылайга чөккөн жолго тыгылган Кореялык туристтер өзүлөрү таш төшөп жатышыптыр. Ак-Мойнок ашуусунун мындай болуп турганына 2 жылдын жүзү болду. Бирок көңүл бурар жан адам жок. Жергиликтүү тургундарга, атайын жер көрөбуз деп келген туристтерге да кыйын эле болду.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.