Элдик репортер: Миллиондорду соологон лифт эки күндүн биринде бузулууда
Новость

Борбор калаадагы "Аламүдүн" базарынын жанындагы  жер үстүндөгү өтмөк 2017-жылы ишке кирип,  көпчүлүгүн кубандырды эле. Бирок бул кубаныч көпкө созулган жок. 

Анткени өтмөккө салынган лифт тез-тез бузулуп, тургундардын нааразычылыгын жаратууда. Биздин рубрикага буга чейин дагы лифттин бирде иштесе бирде иштебей, кары-картаң адамдардын жогору көтөрүлүүсүнө кыйынчылык жаралып жаткандыгын билдиришкен эле.

Мииллиондогон акча каражаты сарпталган лифт эки күндүн биринде бузулат.  2 саат мурун оңдоп кетишкен. Көп өтпөй кайра бузулуп, ичиндеги жаш жигит жарым сааттай калып калды. Бул бир эле көрүнүш. Ишке киргенден бери эле ушундай. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.