"Элдик репортер" рубрикасына Ленин районуна караштуу Ала-Тоо конушунун тургуну төмөндөгү маселе менен кайрылган.
Газпром ишканасы газ киргизгенден кийин казылган жолдор бузулуп, жаан жааганда баткакка айланып, кыйынчылыктарды жаратууда. Газпром иш аяктаган соң таш төгүп, оңдоп беребиз деп айтышкан. Бирок ошол эле бойдон турат. Мамлекет жардам берип койсо жакшы болот эле.
Буга чейин ушул эле Ала-Тоо конушунун бир канча тургундары дал ушул көйгөй менен "Элдик репортер" рубрикасына кайрылышкан.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.