Элдик репортер: Батыш автовокзалындагы башаламан соода жайларына айдоочулар нааразы
Новость

Бишкек шаарынын Батыш автовокзалында башаламан соода-сатык кылгандардын айынан алыска каттаган айдоочулар кыйналып жатабыз. Мындай нааразычылыгы менен Нарын облусуна каттаган айдоочулар "Элдик репортер" рубрикабызга кайрылышкан. 

Унаа токтоочу жайыбызга контейнерлер орнотулуп, жерибизди тарытканы аз келгенсип, ал жерди дааратканага айландырып алышты. Күн ысыгандан бери сасып, жанына туруш кыйын. Биз ар бир чарчы метр жерге ижара акысын төлөп жаткандан кийин, айдоочулардын дагы тиешелүү шарттары каралышы керек эле. Вокзалдын айланасы бир жылдары тазаланып, ирээтке келтирилген. Бирок акырындап кайра таз кейпине түшө баштады,-деген айдоочулар тобу тиешелүү мекемелерден жооп күтүүдө.



Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.