Париждеги Эйфель мунарасы коргоого муктаж
Новость

Париждеги Эйфель мунарасы ок өткөрбөс айнек тосмолор менен курчалып жатат. Анда буга чейин коопсуздук үчүн коюлган темирден жасалган тосмолор толугу менен алынып, ок өтпөс айнектерге алмаштырылат. Мындай тосмолор террордук чабуулдардан коргоону максатында орнотулууда.

"Биз учурда эки долбоорду ишке ашыруудабыз. Биринчиси ок өтпөй турган, бийиктиги үч метр калыңдыгы алты жарым сантиметр болгон дубал тургузуп жатабыз. Ошондой эле унаалар кирип кетпеш үчүн бетондон тосмолор коюлуп жатат"- деп билдирди курулуш компаниясынын жетекчиси Анн Йянник.

Мындай дубал Марсова талаасы жана Сена дарыясы тарабынан орнотулат. Адистер мунара жана анын жанындагы бакчалардын баары курчоого алынарын айтышууда.

Ошондой эле долбоордун алкагында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштери да жүрүп, негизги жумуштар июль айынын ортолорунда аяктары мерчемделген.

Белгилей кетсек, Эйфель мунарасынын тегерегин тосуу чечими былтыр жаз айларында кабыл алынган.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн 35 миллион доллар керектелет, курулуш иштерин сентябрь айына толук бүткөрү пландалган.

Франциянын сыймыгы болгон Эйфель мунарасына жылына жети миллионго жакын турист келсе, алардын 75%ын чет өлкөлүк коноктор түзөт.