Көп уктоо адамдын организмине терс таасир тийгизет. Бул туурасында "BMC Public Health" журналындагы макалада айтылат.
Ага ылайык, адам баласына уйкунун канбай калышы кандай зыян алып келсе, ашыкча уктоонун кесепети да ошондой болот. Мындай тыянакка келүү үчүн, Сеул университетинин адистери тогуз жыл бою 40 жаштан 69 жашка чейинки 133 миңге чукул кишинин маалыматтарын иликтеп чыгышкан.
Изилдөө учурунда алардын оорулары, жашоо мүнөзү жана жүрүм-туруму да эске алынган. Изилдөөгө катышкан эркектердин 29 пайызында, аялдардын 24,5 пайызында кан басымдын жогору экени жана кант диабетинин белгилери табылган.
Окумуштуулар мындай ооруга алты сааттан кем жана тогуз сааттан ашык уктаган кишилер чалдыкканын аныкташты. Адистер ошондой эле эркектерге уйкусу канбай калуу көп зыян алып келсе, аялдарга көп уктоо зыян экенин белгилешти.