Элдик репортер: Айыл тургундарын түйшөлткөн жол маселеси
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Түп районунун Миң-Булак айылынын тургуну жол маселеси боюнча видео тартып жөнөткөн. 

Миң-Булак айылындагы жол, союз учурунда 1985-87 жылдары каралган экен. Ошол бойдон такыр оңдоо иштери жүргөн эмес. Жамгыр жааганда унаалар гана эмес, жөө жүргүнчүлөр да өттө албайт. Аким, айыл өкмөтү эч көзөмөлгө албайт дейт,- окурманыбыз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.