Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Чарбак айылында таза суу токтоп калганына бир жылдан өттү. Жергиликтүү тургундар арыктан суу ичишүүдө.
Ушул эле арыктагы сууга койдун териси жана башка дагы көптөгөн таштандыларды өйдө жакта жашаган тургундар ыргытышат. Ал эми биз ушул ылай суудан ичип жатабыз дейт,- "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган окурманыбыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.