"Элдик репортер" рубрикасына окурманыбыз төмөндөгү маселе менен кайрылган.
Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чолпонбай айылындагы суу өтүүчү түтүкчө жарылып суу толуп кеткен. Башында кичине эле болсо азыр кеңейүүдө. Бир жыл болуп калды, мындай абалда турганына. Айыл өкмөтүнө деле кайрылдык эч кандай жыйынтык жок. Тереңдиги 3 метрдей болот. Бул жактын тегерегинде жаш балдар көп ойношот. Кокус бир кырсык болуп кетсе ким жооп берет?
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.