Элдик репортер: Бакта илинген электр чубалгылары
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына окурманыбыз төмөндөгү маселе менен кайрылган.

Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылында электр чубалгылары бактарда илинип турат. Бул жакта электр түркүгү жок. Шамал болсо эле жарыксыз калабыз. Ал эми бактар болсо качанкы бактар, чирип кеткен, кулаганы турат. Электр тармагында иштеген кызматкерлер карап деле коюшпайт.  

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.