"Элдик репортер" рубрикасына Ак-Өргө жаңы конушунун тургуну мектептин жанындагы кулаганы калган электр түркүгү жөнүндө мааалымат жиберген. Жашоочунун маалыматы боюнча, бул кооптуу түркүк 89-мектептин жанында жайгашкан, тамактануучу жай, райондогу эң чөң дүкөн жайгашкан жанында. Бул түркүктөгү электр чубалгылары дагы жакшы илинген эмес.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.