"Элдик репортер" рубрикасына окурманыбыз төмөндөгү маселе менен кайрылган.
Баткен облусунун Ак-Сай айыл округундагы Үч-Дөбө айылында үч күндүн бири эле сел жүрүп жатат. Бул жерде негизинен көпүрө курулушу керек эле. Айыл өкмөтү жана ӨКМ кызматкерлери келип көрүп кетишкен. Бирок өзүнөр бир нерсе кылгыла деп кетишкен. Көпүрө жоктугунан айылга жол жок болуп, айыл тургундары жөө басып гана өткөнгө болот. Долбоор боюнча каражат которулган эки жыл мурун, бирок көпүрө курулган жок.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.