"Элдик репортер" рубрикасына Ош облусунун тургуну областтык Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын кеңсесиндеги акыбалды видеого тартып жиберген. Техникалык паспорт алганы барган авто унаа ээлерин тейлеген терезелердин бирөө гана иштегендиктен имараттын ичинде киши толтура.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.