Нарын облусунун, Кочкор районундагы, Кара-Суу айылынын тургуну рубрикабызга төмөндөгү маселе менен кайрылган.
Ак-Кыя айыл өкмөтүндө унаа жүргөнгө эч мүмкүн эмес, үстүнү Кочкор ДЭУ кум сээп жашырып жабууда, мындай көрүнүш Ак Жар, Арсы айылдарында кайталанган. Миллиондогон акчалар желип, Президенттин коррупцияга каршы указы аткарылбай жашырылып келет.
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин депутаттары Кара Суу айылынын Алым участкасындагы суу ташкындардан сактоо максатында коюлган суу түтүктөрүн уурдап кармалса дагы, орган кызматкерлери кайдыгер кылууда, Президенттин коррупцияга каршы күрөшүнө каршы чыгууда деп ойлойм,- деп кошумчалып айтып өттү.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.