Элдик репортер: Айланасын ышка бөлөгөн Ош базарындагы ашканалар
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургуну Бейшеналиева көчөсүндөгү акыбал тууралуу видео материал жиберген. 

"Пушкин көчөсүнөн баштап Чүй проспектисине чейин тутүнгө ууланып, ышталып өтөсүң."- деп жазган окурман. Чындыгында, бул көчөлөрдө катарынан ашканалар жайгашышкан жана ар биринде кичинекей казан асылган очоктору бар. Санэпидемстанция бул көчөгө качан жетет?


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.