Базарда мөөнөтү өтүп кеткен кызыл мурч сатылууда. Мындай маалыматты "Элдик репортерго" окурманбыз кабарлады. Анын жазганына караганда, 2009-жылы эле мөөнөтү өткөн кызыл мурчтар Кара-Кулжа жана Өзгөн районунун базарларында сатылууда.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.