Токмоктун тургуну “Элдик репортерго” ыраазычылыгын билдирди
Новость

Токмок шаарынын тургуну “Элдик репортерго” ыраазычылыгын билдирди. Буга чейин ал “Элдик репортерго” чирип сынайын деп калган электр устундары тартылган видео жөнөткөн. Жыйынтыгында, устундар жаңысына алмаштырылып, Токмок шаарынын тургундарынын алкышына ээ болду.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.