Элдик репортер: Баткен базарындагы кооптуулук жараткан чуңкурча
Новость www

"Элдик репортер" рубрикасына Баткен базарынын сатуучусунан видео материал келген. 

"Союз убагында базар автобаза болгондуктан базарда машина оңдоого ылайыкталган чуңкурлар бар. Баткен базары бул жерге жайгашкандан бери 20 жылдан ашык убакыт өтсө дагы чуңкурлар ошол боюнча турат. Абдан кооптуу, базарда кичинекей балдар дагы жүрүшөт, качан түшүп кетет экен деп коркобуз", - деп билдирет окурман.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.