"Элдик репортер" рубрикасына чыккан маалыматка Бишкек мэриясы жооп берди
Новость KTRK/videograp

Бишкек шаардык мэриясынын пресс кызматы 18-июнь күнү "Элдик репортер" рубрикасында газ боюнча маалымдамага жооп жиберишти.  

Азыркы тапта Бишкек шаарынын жаңы конуштарында"Газпром Кыргызстан" ЖЧК тарабынан жалпы газификация долбоорлору ишке ашыруу боюнча жумуштар жүргүзүлүп жатат.
 Жаңы конуштарда магистралдык газ түтүктөрү өткөрүлүп жатат.
 Азыркы учурда "Ала-Тоо" конушунда "Эксперт монтаж" ЖЧК жана "Декабрист"ЖЧК тарабынан иштер жүргүзүлүп жатат.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧК 2018-жылдын 12-июндагы номер 05-01-01-05/1505 маалыматына ылайык, казылган жолдор өз калыбына келтириле турганын билдирет. Бишкек шаарынын жол лаборотория тарабынан көмүлүп жаткан аң чокторду текшерүү өз убагында жүргүзүлөт.
 Ошондой эле бул маселе Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын көзөмөлүндө- деп жазылган билдирүүдө. 

Төмөндө окурмандын билдирүүсүнө шилтеме:

http://www.ktrk.kg/post/22169/kg