Элдик репортер: Сууга зар болгон тургундар
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына  Теплоключи айылынын тургуну төмөндөгү маселе менен кайрылган. 

Теплоключи айылына суу киргизебиз деп жерди касып кетишкен. Эки жумадан ашты суу жок тургундар кыйналып жатат. Касылган бойдон турат. Арыкка да суу келбей калды, бул жакты касып салганына байланыштуу. Өсүмдүктөргө суу жетпей куурап жатат. Кимге кайрылабыз? Ким жасап кетет?-дейт билдирүүсүндө. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.