Сокулук районунун Саз айылындагы Тукбаш уулу көчөсүндө электр чубалгылары жана электр түркүгү эски отуз жылдан бери турат. Электр тармактар ишканасына кайрылсак эч кандай жыйынтык жок. Жүк ташуучу унаалар чөп тартып өткөндө электр чубалгысына илинип калат. Мындай көрүнүштөр менен өрт чыгып кетип, чоң авария болуу коркунучунда турат,- деп "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган окурманыбыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.