Элдик репертор: Таза сууга чаңкаган айыл тургундары
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Баш-Кууганды айыл аймагынын тургуну төмөндөгү маселе менен кайрылган. 

Нарын облусунун Жумгал районундагы Баш-Кууганды айыл аймагында суу ушундай кир чыгат, жамгыр жаап, аба ырайы бузулганда. Баш-Кууганды айылында таза суу жок канчалаган жылдан бери. Айылдагы суу арыктан аккан сууну эле колонкага кошуп койгон. Аба ырайы жакшы кезде суу тунук чыгат, бирок сууда ар кандай көзгө көрүнгөн бир топ чөп-чар, курттар чыгат. А көзгө көрүнбөгөн канча бактерия бар, аны бир кудай билет. Бул сууда бирде чыгып, бирде чыкпай көп көйгөй жаратат. Кыргызстан таза сууга бай өлкө болгондуктан, биз таза суу ичкибиз келет. Быйыл айылдарды өнүктүрүү жылы болгондуктан, Баш-Кууганды айылынын суу маселесин чечүүгө сиздердин жардамыңыздар керек. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.