Элдик репортер: Суу жетпей куурап жаткан карагайлар
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына Бөкөнбай айылынын тургуну төмөндөгү маселе менен кайрылган. 

Тоң районундагы Бөкөнбай айылында жалгыз эс алуучу жайдын абалы өтө начар. Таштандыга толгон, балдар ойноочу селкинчектер сынып калган, тротуарларга чөп өсүп кеткен, ал эми карагайларга суу жетпей куурап калган. Айыл өкмөтү карап койсо жакшы болот эле дейт,- кайрылуусунда.  

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.