4-июнда "Элдик репортер" рубрикасына окурманыбыз, Сокулук районунун Төрткүл айылынын кооптуулук жаратып жаткан электр түркүгү боюнча видео материал жөнөткөн. Видеодогу электр түркүгү эч нерсе менен тосулбай, ачык жерде жайгашкан. Ушул жолдон жергиликтүү тургундарда көп катташат деп, -билдирүү жиберген.
"Түндүк электр" ишканасынын кызматкерлери бул билдирүүгө төмөндөгүчө жооп берди.
Советский көчөсүндө мурун көпчүлүк эски электр түркүктөр алмаштырылган, ал эми калган эски түркүктөрдү калыбына келтирүү иштери 2019-жылдагы узак мөөнөттүү планга киргизилген. План боюнча 2018-жылдын июнь айына Сокулук районундагы болжол менен 12 миң электр түркүктөрү менен эски чубалгылар бир жылдын ичинде алмаштырууга муктаж. "Түндүк электр" ААксы акыркы жылдарда, эски чубалгылар үчүн электр түркүктөрдү жаңы темир бетондор менен алмаштыруу иштерин ашырат. 2018-жылдын планына ылайык аймактарда 1,5 миң эски электр линиялары алмаштыруу иштери жүрөт.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.