"Элдик репортер" рубрикасына окурманыбыз төмөндөгү маселе менен кайрылган.
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Тологой айлынында кудуктун капкагы жок, үстү ачык бойдон турат. Бул жакка торпок түшүп кетип өлгөн. Кечинде үстү ачык кудукту көрбөй адам баласы деле түшүп кетиши ыктымал,-дейт окурманыбыз.
Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.