Элдик репортер: Тротуарды ээлеген унаалар
Новость

"Элдик репортер" рубрикасына шаар тургундары көпчүлүктүн көйгөйүнө айланган авто унаалардын тротуарларга токтоосу боюнча видео материал жиберишкен. Видео Токтогул жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган. Унаа тротуардын ортосуна токтогондуктан адамдарга өтүүгө ыңгайсыздык жаратып жаткандыгын көрүүгө болот. 

Мындай көрүнүш шаар ичинде издебесең да чет-четинен чыгаары түшүнүктүү, бирок бул башаламандык качан токтойт? 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.